KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков отставкадагы судья Алмазбек Кудайбергеновду мамлекеттик жогорку сыйлык – «Даңк» медалы менен куттуктады

29 декабря 2022

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков отставкадагы судья Алмазбек Нурсейитович Кудайбергеновду мамлекеттик жогорку сыйлык – «Даңк» медалы менен куттуктады.

Замирбек Базарбеков сот тармагын өнүктүрүүгө жана жаш кадрларды тарбиялоого кошкон салымын, ошондой эле отставкадагы судьянын өрнөктүү кесиптик жолун белгилеп, аны мамлекет башчынын колунан алган татыктуу сыйлыгы менен куттуктады.


Алмазбек Кудайбергеновду төраганын орун басарлары Айбек Давлетов, Нурлан Мусаев, орун басардын милдетин аткаруучу Айнаш Токбаева, Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана Жогорку соттун Аппаратынын кадр жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы Аида Манжиевалар дагы куттукташты.


Алмазбек Нурсейитович Кудайбергенов 20 жылдан ашык өмүрүн сот системасына арнап, сот тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи деген ардактуу наамга ээ болгондугун белгилейбиз. 2022-жылдын 14-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Бишкек шаардык сотунун судьясы Алмазбек Нурсеитович Кудайбергеновдун ыйгарым укуктары токтотулуп, курактын чегине жеткендигине байланыштуу жергиликтүү соттун судьясы кызматынан бошотулган.