KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун 100 жылдыгына арналган иш чарага катышууда

13 февраля 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 13-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков «Сот адилеттигин ишке ашырууда Жогорку соттордун ролу: оң тажрыйба жана заманбап чакырыктар» темасында Азербайжандын Жогорку сотунун 100 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын ишине катышып жатат.


Иш чарага Беларусь Республикасы, Румыния Республикасы, Казакстан Республикасы жана  Чех Республикасынын Жогорку сотторунун төрагалары, ошондой эле Катар Республикасынын, Венгрия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан Республикаларынын Жогорку сотторунун төрагаларынын орун басарлары катышууда.


Эл аралык конференцияда сөз сүйлөгөн Замирбек Базарбеков бүгүнкү күндө Азербайжан Республикасынын Жогорку соту өзүнүн өнүгүү жылдарында укук коргоо жана сот адилеттигин ишке ашыруунун маанилүү маселелери боюнча компетенттүү, ар тараптуу негизделген позицияларды калыптандыруу менен өз өлкөсүндө да, чет өлкөлөрдө дагы кадыр-баркка ээ болгондугун белгиледи.


Бул жерде сиздин эмгегиңизди белгилебей коюуга болбойт, урматтуу Рамиз Рзаев мырза! Сиз дээрлик 18 жылдан бери Азербайжан Республикасынын сот системасын жетектеп келесиз. Сиздин түздөн-түз жетекчилигиңиз менен Азербайжандын укук системасын адилеттүүлүк жана гуманизм принциптерине ылайык өнүктүрүүдө Жогорку Соттун ролу тынымсыз өсүп, адам укуктары менен эркиндиктери коомдун эң жогорку баалуулугу деп жарыяланган өлкөдө, мыйзам үстөмдүгү камсыз кылынууда, жарандардын укуктары жана кызыкчылыктары корголууда, сот бийлигине ишеним бар.


Ошондуктан, Азербайжан Республикасынын Жогорку Сотунун 100 жылдыгына арналган конференциянын темасы абдан актуалдуу, анткени соттук практиканын бирдиктүүлүгү сот адилеттигинин негизги принциптеринин бири – сот адилеттигинин тең укуктуулугу принцибин ишке ашырууга багытталган”, — деп белгиледи төрага.


Иш чаранын катышуучулары “Жогорку соттун ролу,  бирдиктүү соттук практиканы калыптандыруу”  деген темада талкуу жүргүзүшүп, өз ара тажрыйбалары менен кеңири бөлүшүшөт.