KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков судьялардын Бүткүл россиялык X съездине катышууда

30 ноября 2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Мамлекеттик Кремль сарайында ачылып жаткан судьялардын Бүткүл россиялык X съездине катышууда.


Иш чарага Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, ошондой эле жогорку инстанциялардан, федералдык арбитраждык соттордон, жалпы юрисдикциядагы соттордон, аскердик соттордон жана дүйнөлүк соттордун 800дөн ашык делегаты катышууда.


Замирбек Базарбеков өз сөзүндө судьялардын Бүткүл россиялык курултайынын бүгүнкү жыйыны Россия Федерациясынын сот тутумун чыңдоодогу дагы бир маанилүү кадам болоорун жана анын ишинин жыйынтыгы өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого,  жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо  салым кошоорун белгиледи.


«Сот бийлигинин жогорку органы катары соттордун курултайынын иши чоң мааниге ээ, анткени анда сот тутумунун актуалдуу көйгөйлөрү, сот адилеттигин ишке ашыруунун башкы маселелери талкууланып, өлкөнүн бардык сот системасы үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынат. Сот бийлигинин азыркы абалын жана аны өнүктүрүүнүн жолдорун аныктап, соттордун ишин жакшыртуунун артыкчылыктуу максаттары жана милдеттери көрсөтүлөт.


Ошону менен бирге, Судьялардын Съездинин иши сот системасы үчүн да, бүтүндөй өлкө үчүн да маанилүү, анткени сот системасы судьялардын кесиптик ишинин чөйрөсү гана эмес, ошондой эле өлкөнүн жана анын миллиондогон жарандарынын тагдыры түздөн-түз көз каранды  болгон мамлекеттик институт болуп саналат», — деди  Замирбек Базарбеков.


Съездде Россия Федерациясынын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев, Россия Федерациясынын Конституциялык сотунун төрагасы Валерий Зоркин сөз сүйлөшөт. Съезддин катышуучулары сот тутумунун актуалдуу маселелерин талкуулоо менен чектелбестен, аны кийинки төрт жылда өнүктүрүүнүн жолдорун аныктап, сот коомчулугунун жаңы курамын түзүшөт.


Белгилей кетсек, судьялардын Бүткүл россиялык X съезди 29-ноябрдан 1-декабрга чейин уланат.