KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVIII жыйынына катышууда

11 марта 2023

Индиянын Нью-Дели шаарында кечээ, 10-мартта  Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVIII отуруму өз ишин баштап, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков жетектеген делегация катышууда.


Кыргызстандын жогорку сот органынын башчысы аталган уюмга  мүчө-мамлекеттердеги кесиптештер, байкоочулар, ошондой эле ШКУнун катчылыгынын жана ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн өкүлдөрү менен биргелешкен интерактивдүү жыйында сөз сүйлөдү.


Биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары негизинен эки теманы козгошту: өлкөнүн сот тутумдары туш болгон улуттук сот системасынын көйгөйлөрү жана COVID-19 пандемиясынын учурунда ШКУга мүчө мамлекеттер тарабынан көрүлгөн чаралар.


Замирбек Базарбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасы бардык өлкөлөр сыяктуу эле COVID-19 пандемиясынан катуу жабыркады.


«Пандемия сот системасына да таасирин тийгизди. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту соттордун ишин өзгөртүү боюнча чараларды көрдү. Биринчи жолу дистанциялык соттук отурумдар башталды. Соттор пандемияга байланыштуу түзүлгөн кырдаалга акырындык менен ыңгайлашып, сот адилеттигинин көйгөйлөрүн чечүү үчүн заманбап санариптик технологияларды колдонушту.


Пандемия шартында бүткүл сот тутумунун негизги милдети инсандын конституциялык укуктарын жана процессуалдык мөөнөттөрүн бузбастан, ошондой эле жарандардын адилет соттук териштирүүгө жана сот адилеттигине жетүүгө болгон укуктарын чектебестен электрондук чөйрөгө өтүү боюнча ченемдик укуктук актыларды жана укук колдонуу механизмдерин иштеп чыгуу болду », — деди Замирбек Базарбеков.


XVIII Кеңешменин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Индия Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Дхананджай Чандрачуд менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, тараптардын кызматташуусун өнүктүрүү жана сот системасын жакшыртууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди. Ал эми Иран Ислам Республикасынын сот бийлигинин башчысынын биринчи орун басары Мохаммад Кахнамой менен болгон эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты тереңдетүүнүн, анын ичинде терроризм жана экстремизмге каршы күрөштүн маанилүүлүгү боюнча ниеттерин ырасташты. Кытай Эл Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Цзинхун Гао менен болгон жолугушууда  эки өлкөнүн сот тутумун санариптештирүү жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселеси  талкууланды.


Жогоруда айтылган үч жолугушуу Нью-Делиде Индия Республикасынын Жогорку сотунун төрагалыгы астында өтүп жаткан ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVIII кеңешмесинин алкагында өткөндүгүн белгилейбиз.