KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Луиз Чемберленди кабыл алды

25 мая 2023

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту.


«ПРООН Кыргыз Республикасынын туруктуу өнөктөшү болуп, өлкөнүн өнүгүшүнө жана калктын турмушунун реалдуу жакшыруусуна жетишүүгө салым кошуп келет. 30 жылдан бери Программа Кыргызстанды ар түрдүү тармактарда  колдоп, туруктуу экономикалык өсүш, айлана-чөйрөнү коргоо, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу тармактарда жардам көрсөтүүдө. Тынчтыкты, адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту, гендердик теңчиликти, калктын аярлуу катмарынын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жагынан ПРООНдун сот тутумун өнүктүрүүдөгү ролун илгерилетүүдөгү Программанын колдоосун белгилебей коюуга болбойт.


Семинарларды өткөрүүдө ПРООНдун Сот адилеттигинин Жогорку мектеби менен кызматташуусу да баалуу. Программа менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар биздин республикада мамлекеттин укуктук позициясын бекемдөөгө, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жана гендердик теңчиликти камсыздоого чоң салым болору талашсыз.


Мындан тышкары, Программа Судьялар Ассоциациясынын үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдында Экологиялык форумду өткөрүү демилгесин колдоого алды. Бул форумду БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өткөрүү өлкөбүздүн өнүгүүсүнө дагы бир салым болору талашсыз», — деди Замирбек Базарбеков.


Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маселелер көтөрүлдү. Тараптар кызматташтыкты чыңдоого умтуларын ырасташып, жемиштүү жана ийгиликтүү кызматташууга ишеним билдиришти. Катышуучулар ушул жылдын сентябрь айында Экологиялык форумду өткөрүү маселелерин талкуулашты.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков, Жогорку соттун судьясы Дилара Арстанбаева, Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана Жогорку соттун алдындагы Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Эльмира Байтикова катышканын белгилейбиз. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал, “Башкаруу жана социалдык биримдик” багыты боюнча жетекчи Эркина Уразбаева  катышышты.