KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков “Астана” эл аралык Каржы Борбору сотунун жана Эл аралык Арбитраждык Борбордун өкүлдөрүн кабыл алды

28 октября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 28-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков “Астана” Эл аралык Каржы Борбору сотунун (АЭКБ) жана Эл аралык Арбитраждык Борбордун (ЭАК) Каттоочусу жана Сот Аппаратынын жетекчиси – Кристофер Кэмпбелл-Холт жана АЭКБ менен ЭАК мекемелеринин соттук териштирүүлөр жана укуктук иштер департаментинин директору Алмат Игенбаев менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди түзүү маселелерин жана мындан аркы кызматташуунун багыттарын, анын ичинде АЭКБ сотунун чечимдеринин Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылышын камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.


«Биз жаңы байланыштарга даярбыз жана «Астана» Эл аралык Каржы Борбору  сотунун жана Эл аралык арбитраждык борбор менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ишенебиз, бул албетте оң натыйжаларды берет», — деди Замирбек Базарбеков.



 




Телеграм: https://t.me/jogorkusot