KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Казакстан Республикасынын Сот администрациясынын башчысы Наил Ахметзакировду кабыл алды

12 января 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 12-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Казакстан Республикасынын Сот администрациясынын жетекчиси жана Соттук башкаруу боюнча эл аралык ассоциациясынын вице-президенти Наил Ахметзакиров менен жолугушту.


Жолугушуунун максаты Казакстан Республикасынын Сот администрациясы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө бир катар маселелерди талкуулоо, ошондой эле Казакстан Республикасынын Сот администрациясы мүчө болгон Соттук башкаруу эл аралык ассоциациясына кирүү мүмкүндүгү болду.


Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков жана Нургуль Бакирова, ошондой эле Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев катышышты.


 



Видео-блок

Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты
Жогорку Сотто Пленум болду
Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот — тез, ыңгайлуу жана кагаз эсеп-дүмүрчөксүз

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...