KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Азия өнүктүрүү банкынын өлкө боюнча директору Жэнг Вуну кабыл алды

26 сентября 2023

Бүгүн, 26-сентябрда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Азия өнүктүрүү банкынын миссиясынын өлкө боюнча директору Жэнг Ву менен жолугушту. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин башкы катчысы Нуруйпа Муканова да катышты.


«Коррупцияга каршы реформалардын жогорку натыйжалуулугун камсыз кыла турган маанилүү кыймылдаткыч күч – бул саясий эрк жана бизде мындай эрк бар.


Жогорку сот төмөнкү кадамдарды жасады:


Мамлекеттик кызматкерлердин (судьялардын, сот органдарынын кызматкерлеринин) иш — аракеттери катуу жөнгө салынды, бюрократиялык жол-жоболор жөнөкөйлөтүлдү, жогорку этикалык стандарттардын сакталышына катуу көзөмөл камсыздалды», — деди Жогорку соттун төрагасы.


Ошондой эле Жогорку соттун төрагасы Кыргыз Республикасынын 2023-2025-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясынын долбоорунда бийлик бутактарынын бири болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун позициясы да чагылдырылаарына ишеним билдирди.


Тараптар өз ара аракеттешүүнү бекемдөө зарылдыгын айтып, коррупцияга каршы күрөшүү механизмдерин илгерилетүү боюнча ишти улантууну белгилешти.



Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...