KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков казак кесиптеши менен онлайн жолугушуу өткөрдү

28 октября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 28-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков менен Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Жакип Асановдун онлайн режиминде жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууга эки өлкөнүн Жогорку сотторунун  кызматкерлери да катышты.


Иш чаранын жүрүшүндө тараптар ушул айда эки сот органынын бөлүмдөрүнүн ортосунда өткөрүлгөн онлайн жолугушуулардын бир катар жыйынтыктарын талкуулашты. Катышуучулар электрондук сот адилеттигин түзүү, административдик сот адилеттигин түзүү, макулдашуу жол-жоболорун колдонуу, көз карандысыз сот бийлигин куруу, сотторго ишенимди жана соттук коммуникацияларды түзүү жаатында пикир жана тажрыйба алмашышты.


«Казакстан Республикасынын Жогорку соту ишмердүүлүктү санариптештирүү боюнча жогорку натыйжаларга жетишти жана бизден алда канча алдыда турат. Буга  биз үстүбүздөгү жылдын июнь айында Астанага болгон иш сапарыбызда күбө болдук. Белгилей кетсек, Казакстан Республикасынын электрондук сот адилеттиги бизди чынында таң калтырды.  Ушуга байланыштуу сотторго IT-талдоо жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу боюнча адистин Бишкек шаарына келиши Кыргызстандын сот системасын санариптик трансформациялоо жана электрондук сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча мындан аркы иштер үчүн маанилүү жана пайдалуу болуп саналат. Биз бул жаатта кызматташуубузду улантабыз деген үмүттөбүз”,-деди Замирбек Базарбеков.


Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз делегациясынын Астана шаарына (Казакстан) сапары үстүбүздөгү жылдын июнь айында болгон жана ушул жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында (Кыргызстан) өткөн эл аралык конференциянын алкагында жолугушуулар уюштурулган. Бул жолугушуулардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсү башталды.


 




Телеграм: https://t.me/jogorkusot