KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков: «Жогорку соттордун төрагаларынын жыйыны сот адилеттиги чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн жаңы дем берет»

24 сентября 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков башында турган кыргыз делегациясы «Кытай – Борбор Азия» жогорку соттордун төрагаларынын жыйынына катышууда.


Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Урумчи шаарында сүйлөгөн сөзүндө бүгүнкү жыйын Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку соттору ортосундагы эл аралык кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча дагы бир кадам болуп, ачык жана мазмундуу баарлашуу жүргүзүүгө, актуалдуу маселелерди сапаттуу талкуулоого, прогрессивдүү идеялар менен активдүү алмашууга жана жаңы тенденцияларды түзүүгө натыйжалуу аянтча түзөөрүн белгиледи.


«Бүгүн биз чек аралык коммерциялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу, терроризмге каршы күрөшүү, кибер кылмыштуулук, коррупция, экологиялык ресурстарды соттук коргоо жана сот адилеттигинде маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жаатында тажрыйба жана практикалар менен алмашууга даярбыз. Бул суроолор бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ жана мен ишенем, жыйындын катышуучуларынын ортосундагы билим жана тажрыйба алмашуу жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө жана биз туш болуп жаткан чакырыктарды жеңүүгө жардам берет», – деп белгиледи Замирбек Базарбеков.


«Кытай — Борбордук Азия» Жогорку соттордун төрагаларынын кеңешмесинин ачылыш аземине Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй катышты.


Иш сапардын алкагныда, 2024-жылдын 23-сентябрында, Замирбек Базарбеков Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик сотунун төрагасы Чжан Цзюн менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.


Белгилей кетсек, кыргыз делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Эльмира Байтикова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын жетекчиси Эркинбек Мамыров, Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Азамат Жумагулов, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов жана Жогорку соттун Аппаратынын кызматкери Даир Турусбеков катышууда.