KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту

20 сентября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 20-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту.


Кеңештин жыйынын ачуудан мурда, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Баткен окуясына байланыштуу бир минуталык аза күтүү жарыялады.


Андан соң, өз сөзүндө Замирбек Базарбеков Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңеш соттук тажрыйба боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча бир катар иштерди жүргүзүп жатат, бирок алар бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей жаткандыгын айтты.


Менин маалыматтарым боюнча, бүгүнкү күндө Илимий-консультациялык кеңештин 49 мүчөсү бар. Алар өз ишмердүүлүгүнүн негизинде үч багытта: жазык-укук, жарандык-экономикалык укук жана административдик укук маселелери боюнча иш жүргүзүшү керек. Бирок, соттук тажрыйбаны жалпылаштыруунун жыйынтыктарын, ошондой эле Жогорку соттун Пленумунун токтомдорунун долбоорлорун алдын ала Илимий-консультациялык кеңештин жыйналыштарында талкуулоого кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү гана активдүү катышышат.


Аталган кеңеште 3жылдан 5 жылга чейин иштеп келе жаткан республиканын жогорку окуу жайларынын профессорлору, тажрыйбалуу окутуучулар, жергиликтүү соттордун судьялары бар.  Бирок, алардан ичинен кээ бири сот тажрыйбасын тигил же бул багытта өркүндөтүү боюнча кеңеште иштеген мезгил ичинде бир дагы сунуш келтирбегендери бар экенин да айта кетүү керек. Бул негизи түпкүлүгүндө туура эмес деп ойлойм”, — деп белгиледи төрага.


Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков формалдуу түрдө эле Илимий-консультациялык кеңешке мүчө болбошу керек, анткени Кеңештин ар бир мүчөсүнүн ишмердүүлүгү Жогорку соттун Пленумунун иши канчалык жемиштүү болоорун аныктай тургандыгын айтты. Республиканын судьялар корпусу өздөрүнүн укук колдонуудагы маселелери боюнча суроолоруна канчалык тез жана толук жооп алса, ошончолук деңгээлде материалдык жана процессуалдык укуктун нормаларын колдонуунун бирдиктүү тажрыйбасы иштелип чыгаарына өбөлгө түзөт.


Аталган Кеңештин жыйынында, анын мүчөлөрү «Мурастык укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарды кароого байланышкан жарандык иштер боюнча соттук практика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомунун долбоорун талкуулашты.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана Жогорку соттун Регламентинин талаптарына ылайык сот тажрыйбасын жалпылоонун натыйжалары боюнча аларга укук ченемдерди колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүдө, бирдиктүү соттук тажрыйбаны калыптандырууда Жогорку соттун Пленумунун ээлеген орду орчундуу.  Ошондуктан, Пленум укук колдонуу тажрыйбасынын маселелери боюнча токтомдорду кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин далилдүү сунуштарына таянууга тийиш.