Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Рамиз Рзаев менен эки тараптуу жолугушуусу болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн сот тутумунун ортосундагы кызматташтыктар, жасалып жаткан реформалар талкууланды.
Мындан тышкары Рамиз Рзаев Замирбек Базарбековго Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун имараты, судьялар жыйын өткөрө турган залдарын көрсөтүп, аталган өлкөнүн Жогорку сотунун иши туурасында кеңири маалымат берди.
Тараптар мындан ары дагы эки мамлекеттин Жогорку сотторунун ортосундагы өз ара байланыштарды бекемдөө боюнча макулдашышты.
Белгилүү болгондой Замирбек Базарбеков Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун 100 жылдыгына карата эл аралык конференцияга катышуу үчүн барган.