KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жаңы мыйзамдар – жаңыча көз караш

26 августа 2019

Соттук реформа


 Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


 Жумгал райондук сотунун төрайымы Айсейил Айдаралиева менен маек.


  — Жаңырган жылдан баштап, жаңы кодекстер менен мыйзамдардын сот өндүрүшүндө колдонула башташы бул сот реформасынын алкагындагы маанилүү маселелердин бири. Коомдун өнүгүшү менен мыйзамдарга да оңдоолор, түзөтүүлөр талап кылынат эмеспи. Мурдагы кодекстердеги  айрым беренелер учурдун талабына эчак эле жооп бербей калган. Жаңы кодекстердин ичинен айрыкча Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө кодекстердин киргизилиши мындан ары коомчулуктун сот тутумуна болгон пикирлерин да кыйла өзгөртөт деп ойлойм. Себеби анча коркунучтуу эмес кылмыштар мурдагы Кылмыш- жаза кодекси менен каралып, андагы беренелер боюнча жазалар чектелип келген.


— Эксперттер белгилегендей, жаңы кодекстердин айрым беренелери өзгөртүүлөргө муктаж. Бирок ал толуктоолор менен өзгөртүүлөргө чейин сот өңдүрүшү токтогон жок да. Бул жагдайда   тоскоолдуктар болуп жаткан жокпу?


Мыйзамдарда жана жаңы кодекстерде өзгөртүүгө муктаж болгон айрым беренелер боюнча атайын эксперттер менен адистер тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Мисалы 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине  ушул эле жылдын 15-февралында өзгөртүүлөр киргизилди.


Бирок Өкмөттүн 2018-жылдын 4-октябрындагы №457 токтому менен КРнын Жазык кодексине, КРнын Жазык процесстик кодексине, КРнын Жоруктар жөнүндө кодексине, КРнын Бузуулар жөнүндө кодексине жана КРнын Жазык аткаруу кодексине  өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мараторий жарыяланган. Айтайын дегеним учурда биздин шартта сот ишин жүргүзүүдө орчундуу тоскоолдуктар кездеше элек.


— Жаңы кодекстер, мыйзамдар негизинен адам укугунун сакталышына, гумандуулукка багытталган деп жатпайбызбы. Андыктан  ушул кодекстер мындан ары коомчулукта сотторго болгон ишенимди жакшыртат деп ойлойсузбу?


— Туура айтасыз. Жаңы кодекстердин негизги максаты гумандуулук, адам укугунун сакталышы, күнөөлүүнү түзөтүү жана ресоциалдаштыруу, ошондой эле башка кылмыштардын, жоруктардын, бузуулардын жасалышынын алдын-алуу болуп саналат.


Мисалы азыркы Жазык кодексинде рецидив деген түшүнүк жок. Мурда кылмыш жасаган адам тарабынан, кийин  кайталап жаңы кылмыш жасалса ал рецидив деп табылып, мурдагы кылмыштары эске алынуу менен катуураак жаза чектелүүчү. Ошондуктан эл арасында  “тоок уурдаган соттолуп, кой уурдаган бош жүрөт”, — деген сыяктуу сөздөр көп эле айтылып келген. Анткени тоок уурдап соттолуп кеткени мурда да ушул сыяктуу уурулук менен жаза өтөп жүргөнүн, ал эми кой уурдаганы болсо мындай кылмыштын түрүнө биринчи жолу кириптер болуп, сот отурумуна чейин келтирилген чыгымды ордуна койгону жана жабырлануучу тараптын кечирген өтүнүчтөрү менен шартуу жаза чектелгени тууралуу маалыматтары жок болгондуктан улам жогорудай сөздөр болуп келген.


Ал эми баш мыйзамыбыз болгон  Конституциянын жана Адам укугунун жалпы декларациясынын талаптарына ылайык, бир эле укук бузгандык үчүн эч ким кайра юридикалык жоопкерчилик тартпоого тийиш. Андыктан азыркы жаңы кодекстер ушул принципке негизделип жазылган.


Мындан сырткары  мурдагы  Кылмыш-жаза кодексинде  каралган чоң коркунуч келтирилбеген жана анча оор эмес  кылмыштардын бир бөлүгү жана КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинде каралган укук бузуулардын  бир тобу азыркы Жоруктар жөнүндө кодекс менен жөнгө салынат. Демек, Жоруктар жөнүндөгү кодекс менен жоопко тартылгандардын соттуулугу болбойт.


Бирок, белгилеп кетүүчү дагы бир жагдай буга чейин деле жалпы сот өндүрүшүндө каралган иштердин 15-20 пайызы гана кийинки инстанцияларда даттанылып келген. Мунун өзү сот өндүрүшүндө каралган иштердин дээрлик 80 пайызы, мыйзам чегинде адилеттүү чечим кабыл алынып жатат дегенди билдирет. Ушундан улам, акырындан болсо да коомчулукта сот тармагына болгон ишенич артат деген ойдомун.