KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сот тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда колдоду

11 января 2023

2023-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Жогорку Кенештин пленардык отурумунда “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун сунуштады. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актылары (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексине)», Жогорку сот тарабынан мыйзам чыгаруу демилгеси иретинде Жогорку Кеңешке киргизилген.


Бул мыйзам долбоору административдик жана жарандык процесстик мыйзамдардагы боштуктарды толтурууга, алардын нормаларын конкреттештирүүгө жана административдик жана жарандык сот өндүрүшүндөгү натыйжаларды жакшыртууга багытталган.


Жыйынга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары Айбек Давлетов жана Нургуль Бакирова катышышты.


Мыйзам долбоорун кароодо Жогорку соттун жетекчилиги депутаттардын мыйзам долбоору боюнча бардык суроолоруна жооп беришти.


Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окуудан Кыргыз Республикасынын АПК жана ЖПКга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу мыйзам долбоорунун  колдошту.


Видео-блок

Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...