KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова Жогорку Кеңеште сот тутумуна тиешелүү мыйзамдар боюнча кеңири баяндама жасады

13 июля 2021




Бүгүн, 2021-жылдын 13-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде отурум болуп, сот тутумуна тиешелүү болгон мыйзам долбоорлору талкууланды.




“Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору, “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору.




Бүгүн аталган комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова тиешелүү мыйзамдар боюнча баяндама жасап, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.




Төрайым баш мыйзамда камтылган ченемдердин реалдуу турмушка ашышы сөзсүз түрдө сот тутумунун ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын сапатынан көз каранды боло тургандыгын белгиледи.




“Аталган мыйзамдарда сот тутумунун ишмердигинин ар-бир этабы так аныкталып, көз карандысыздык принциптери менен коштолуусу зарыл. Эгерде андай болбосо, буга чейин болуп келгендей эле соттордун көз карандысыздыгы декларативдүү бойдон кала бериши мүмкүн. Андыктан, Жогорку Кеңештин кароосуна келип түшкөн мыйзамдардын долбоорлору өлкөбүздүн демократиялык жана укуктук мамлекет катары өнүгүүсүнө чоң мааниге ээ болгон мыйзамдар болуп эсептелет”, -деп билдирди Н.Бакирова.





Мыйзам долбоорлорунун демилгечиси  –  Кыргыз Республикасынын Президенти  Жапаров Садыр Нургожоевич.