Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG

Анонс

Пресс-анонс 17 октября 2019
25-26-октября, в Бишкеке пройдет Международная научно-практическая конференция «Принудительное исполнение в спорах по коммерческим (экономическим) делам: достижения, вызовы и дальнейшее развитие» Впервые в Кыргызской Республике пройдет Международная научно-практическая конференция в рамках проекта по укреплению потенциала службы судебных исполнителей при финансовой поддержке Европейского Банка реконструкции и развития (ЕБРР) совместно с Международной организацией по праву развития (IDLO). В работе конференции примут участие эксперты, юристы, судебные исполнители из Казахстана, Узбекистана, России, Таджикистана, Молдовы, Эстонской Республики, Украины, Монголии, а также представители Международного союза судебных исполнителей (МССИ, Париж, Франция), Европейского Банка Реконструкции и Развития (ЕБРР, Лондон, Соединённое Королевство Великобритании и Северной Ирландии), Европейской комиссии по эффективности правосудия (ЕКЭП, Страсбург, Франция), Международной ассоциации по судебному администрированию (МАСА,  Вирджиния, США), Международного Института по Унификации Частного Права (УНИДРУА, Рим, Италия), Международной Организации по Развитию Права (ИДЛО, Рим, Италия). Участники конференции обсудят актуальные вопросы о принудительном исполнении судебных актов по экономическим делам и о его роли в обеспечении развития и стабильности экономики страны, об оптимизации деятельности судебных исполнителей в производствах по коммерческим спорам, автоматизации и цифровизации исполнительного производства, проблемы и их возможные решения в исполнении судебных актов в иностранных государств. Обсуждение указанных вопросов будет проводиться путем открытого диалога и обмена опытом по актуальным вопросам исполнительного производства. Пресс-секретарь Судебного департамента Назира  Сагыналиева
Пресс-анонс 24 мая 2019
2019 – жылдын  24-майында  саат 9.00 до Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда кезектеги Пленумдун отуруму болот. Күн тартибинде  беш маселе каралат: “Күрөөлүк милдеттенмелер менен байланышкан талаш-тартыштарды чечүүдө сот тажрыйбасынын айрым маселелери жөнүндө”; “Мүлктү ажыратуу боюнча бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жана алардын жараксыздыгынын кесепеттери тууралуу талаштар боюнча мыйзамдарды колдонуу боюнча соттук тажрыйбанын кээ бир маселелери жөнүндө”; “Соттук өкүм жөнүндө”; “Сотко чейинки өндүрүштөгү тергөө судьясы тарабынан соттук контроль боюнча соттук тажрыйбада келип чыккан кээ бир маселелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдорун кабыл алуу. Ар түрдүү маселелер. Пленумга Кыргыз Республикасынын Жогорку соттунун, жергиликтүү соттордун судьялары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын,   Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү  катышышат. ЖМК үчүн  аккредитациялоо төмөндөгү телефон аркылуу: (+996 312) 66-32-05;  e-mail: jogorku_sot@mail.ru
ПРЕСС-АНОНС 2019-жылдын  2-апрелинде  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара  Калиева  массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушат.  Иш чаранын максаты Жогорку сот  менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын  кызматташтыгын  жана өз ара    байланыштарын  бекемдөө болуп саналат.  
ПРЕСС-АНОНС Электрондук сот өндүрүшүн киргизиүү боюнча  ExpertCafé  темасын улай журналисттерди пресс-турга чакырабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү  автоматташтырылган маалымат системасы, же болбосо электрондук сот өндүрүшү   кандай ишке киргизилип жаткандыгын көрө алышат. Аталган система арыз сотко түшкөн мезгилден тартып, иштин материалдары атайын сканерден өткөрүлүп “электрондук иш” түзүлүп, сот отурумундагы баардык документтер электрондук форматка өткөрүлүп, иш боюнча соттук акты кабыл алынып, архивге тапшырылганга чейин электрондук түрдө жүргүзүлөт. Пресс-турдун алкагында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева журналисттерге соттордогу автоматташтырылган маалымат системасы тууралуу  айтып берип, анын катышуучуларына  соттордун уюштуруу иштери менен тааныштырат. Ошондой эле журналисттер ишти автоматтык бөлүштүрүү жана соттук отурумдардын аудио жана видео байкоосун  көрө алышат. Пресс-турдун программасына ылайык,  катышуучулар  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда гана эмес,  Бишкек шаардык сотунда жана Чүй облусунун Аламүдүн  райондук сотторунда болушат. Пресс-тур 2018-жылдын 19-сентябрында болот. Катышуучулар эртең мененки  саат 10.00до Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Бишкек ш., Абдымомунов көч., 205 дареги боюнча чогула алышат. Журналисттерди каттоо бүгүн 18-сентябрда  саат 9.00дон 17.00го чейин төмөндөгү телефондор аркылуу: (+996 312) 66-32-05, (+996 770) 42 79 19, ошондой эле электрондук почта аркылуу: jogorku_sot@mail.ru  (журналисттин аты-жөнү, байланышууга телефону жана кайсыл ЖМКдан экендигин көрсөтүү керек. Билдирүүнүн темасына: “ Пресс-турга катышууга каттоо” деп белгилеп коюуңуздарды өтүнөбүз).
ПРЕСС-АНОНС Электрондук сот өндүрүшүн киргизиүү боюнча  ExpertCafé  темасын улай журналисттерди пресс-турга чакырабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү  автоматташтырылган маалымат системасы, же болбосо электрондук сот өндүрүшү   кандай ишке киргизилип жаткандыгын көрө алышат. Аталган система арыз сотко түшкөн мезгилден тартып, иштин материалдары атайын сканерден өткөрүлүп “электрондук иш” түзүлүп, сот отурумундагы баардык документтер электрондук форматка өткөрүлүп, иш боюнча соттук акты кабыл алынып, архивге тапшырылганга чейин электрондук түрдө жүргүзүлөт. Пресс-турдун алкагында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева журналисттерге соттордогу автоматташтырылган маалымат системасы тууралуу  айтып берип, анын катышуучуларына  соттордун уюштуруу иштери менен тааныштырат. Пресс-турдун программасына ылайык,  катышуучулар  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда гана эмес,  Бишкек шаардык сотунда жана Чүй облусунун Аламүдүн  райондук сотторунда болушат. Пресс-тур 2018-жылдын 22-августунда болот. Катышуучулар эртең мененки  саат 10.00до Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Бишкек ш., Абдымомунов көч., 205 дареги боюнча чогула алышат. Журналисттерди каттоо августтун 16нан 21не чейин саат 9.00дон 17.00го чейин төмөндөгү телефондор аркылуу: (+996 312) 66-32-05, (+996 770) 42 79 19, ошондой эле электрондук почта аркылуу: jogorku_sot@mail.ru  (журналисттин аты-жөнү, байланышууга телефону жана кайсыл ЖМКдан экендигин көрсөтүү керек. Билдирүүнүн темасына: “ Пресс-турга катышууга каттоо” деп белгилеп коюуңуздарды өтүнөбүз).
Урматтуу кесиптештер, Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун  Төрайымы Айнаш Токбаева, Аламүдүн райсотунун төрагасы Азамат Узакбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун  Төрайымынын кеңешчиси Каныбек Акыев, Евро биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун  негизги эксперти Кристоф Копецки жана Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) директорунун кеңешчиси  Нурлан Дүйшеев катыша турган кезектеги  ExpertCafe жолугушуусуна катышууга чакырабыз. Бул жолугушуу эксперттин сөздөрүнөн кийин суроо-жооп менен коштолот. Негизги тема катары Электрондук сот өндүрүшү каралмакчы. Иш-чарага катышууга чакырабыз: Дата: 7 август 2018 ж. Убактысы: 11:00-12:30 Өткөрүлчү жай: Ambassador мейманканасы (Бишкек, Орозбеков көч. №32 – Москва көчөсүнөн кичине жогорураак) Жолугушуудан кийин эксперттер менен кофе үстүндө бейформал дагы сүйлөшө аласыздар.
Күн тартибинде төрт  токтомдун каралуусу  күтүлүп жатат: «Карыз жана кредит келишимдери боюнча талаштарды чечүүдө соттук практиканын айрым маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомун кабыл алуу. «Республиканын соттору тарабынынан эркиндигинен ажыратуу жазасын белгилөө боюнча соттук тажрыйба тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомун кабыл алуу. «Жарандык иштерди соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамынан кээ бир мүчөлөрүн чыгаруу жана жаңы мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө ЖМК үчүн  аккредитациялоо төмөндөгү телефондор аркылуу: (+996 312) 66-32-05,  (+996 770) 42 79 19 e-mail: pressa@sot.kg  
ПРЕСС-АНОНС 29 марта 2018
2018-жылдын  30-мартында саат 9.00до Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” КР Мыйзамынын айрым нормаларын  колдонуу боюнча маселелер ” темасында  тегерек стол өтөт. ЖМК үчүн  аккредитациялоо төмөндөгү телефондор аркылуу: (+996 312) 66-32-05,  (+996 770) 42 79 19 e-mail: pressa@sot.kg
Пресс-анонс 28 февраля 2018
Бүгүн, 2018-жылдын 28-февралында саат 16-00до,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун   Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда  кезектеги Пленум болот. Анда,  эки  токтомдун каралышы күтүлүп жатат. — “Соттук чечим жөнүндө”; -“Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин укук ченемдерин соттор тарабынан колдонуунун кээ бир маселелери жөнүндө”. Жогоруда аталган токтомдор боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соттунун, Чүй облустук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун судьялары докладдар менен чыгышмакчы.
Эртең, 2018-жылдын 27-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда      “Медиациянын актуалдуу маселелери жана Кыргыз Республикасында укуктук жардам көрсөтүү ” деген аталыштагы  тегерек стол  өтөт .  Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  жана жергиликтүү сотторунун судьялары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, медиаторлор менен адвокаттардын катышуусу күтүлүүдө. Тегерек столдун жүрүшүндө мамлекет тарабынан кепилдик боло турган  юридикалык жардам менен медиацияны колдонуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында укуктук жардамды мындан ары өнүктүрүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.