KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Пресс-тур: "Электрондук сот өндүрүшү кандай иштеп жатат?"

16 августа 2018

ПРЕСС-АНОНС


Электрондук сот өндүрүшүн киргизиүү боюнча  ExpertCafé  темасын улай журналисттерди пресс-турга чакырабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү  автоматташтырылган маалымат системасы, же болбосо электрондук сот өндүрүшү   кандай ишке киргизилип жаткандыгын көрө алышат. Аталган система арыз сотко түшкөн мезгилден тартып, иштин материалдары атайын сканерден өткөрүлүп “электрондук иш” түзүлүп, сот отурумундагы баардык документтер электрондук форматка өткөрүлүп, иш боюнча соттук акты кабыл алынып, архивге тапшырылганга чейин электрондук түрдө жүргүзүлөт.


Пресс-турдун алкагында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева журналисттерге соттордогу автоматташтырылган маалымат системасы тууралуу  айтып берип, анын катышуучуларына  соттордун уюштуруу иштери менен тааныштырат.


Пресс-турдун программасына ылайык,  катышуучулар  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда гана эмес,  Бишкек шаардык сотунда жана Чүй облусунун Аламүдүн  райондук сотторунда болушат.


Пресс-тур 2018-жылдын 22-августунда болот. Катышуучулар эртең мененки  саат 10.00до Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Бишкек ш., Абдымомунов көч., 205 дареги боюнча чогула алышат.


Журналисттерди каттоо августтун 16нан 21не чейин саат 9.00дон 17.00го чейин төмөндөгү телефондор аркылуу: (+996 312) 66-32-05, (+996 770) 42 79 19, ошондой эле электрондук почта аркылуу: jogorku_sot@mail.ru  (журналисттин аты-жөнү, байланышууга телефону жана кайсыл ЖМКдан экендигин көрсөтүү керек. Билдирүүнүн темасына: “ Пресс-турга катышууга каттоо” деп белгилеп коюуңуздарды өтүнөбүз).