KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

А.Токбаева БУУнун Качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын Улуттук кеңсесинин өкүлдөрү менен жолукту

13 ноября 2020

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева  Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындардын иштери боюнча Башкармалыгынын Улуттук кеңсесинин өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү.


Жолугушууга Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаева, аталган Башкармалыктын улук регионалдык катчысы Даниэла Попович Эфендич, БУУнун Качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын укук маселелери боюнча  регионалдык кызматкери Виталина Кириловска, ошондой эле аталган Башкармалыктын укук маселелери боюнча  улуттук кеңешчиси Асель Шаршеевалар катышышты.


Тараптар учурдагы  COVID-19 абалын эске алуу менен башпаанек жана качкындарды коргоо багытында  эки тараптуу кызматташтык маселелерин, ошондой эле  экстрадициялоо өтүнүчү бар болгон качкындардын иштери туурасындагы маселелерди онлайн талкуулашты.


Видео-блок

Жаңы жылдан баштап соттор санарип форматка өтөт
Медербек Сатыев сот тутумун кирип келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады
Уңгужол: Ош облусунун Өзгөн райондук соту
Президент: “Чечимин саткан сот – мыйзамды гана тебелебестен, мамлекеттүүлүккө шек келти...
Уңгужол: Ош облустук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...