KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Аламүдүн райондук сотунда мыйзамсыз курулган турак-жайлар талкууланды

30 сентября 2020

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда, аталган соттун төрагасы Кылыч Байсовдун демилгеси менен жыйын өтүп, анда мыйзамсыз курулган турак-жайлар боюнча маселеси каралды.


Жыйынга Аламүдүн райондук сотунун судьялары, Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлү Мыкторов Б.Р., Аламүдүн районунун прокурорунун орун басары Турсунбек кызы Г., Аламүдүн РИИБнун башчысынын орун басары Абакиров Б.А., Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысынын орун басары Аалиев Э.С. жана Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү катышышты.


Аламүдүн районунда жайгашкан айыл-чарба багытындагы жерлерге мыйзамсыз үйлөрдү курууга жол бербөө жана аларды  алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш чараларды, мыйзамсыз курулган турак-жайларды бузуу жана айыл-чарба багытындагы жерлерди кайра мамлекеттин балансына кайтаруу жөнүндө маселелер каралды.


Ошону менен бирге жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар менен Аламүдүн райондук сотуна келип түшкөн доо арыздарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туура даярдоо, керектүү жана тийиштүү маалымат камтый турган иш кагаздарын толук көрсөтүү маселелери талкууланды.


Мындан сырткары, соттук териштирүүнүн жыйынтыгы менен чыккан чечимдин аткарылышы жана аны аткарууда келип чыккан маселелерге көңүл буруу, керектүү учурларда көмөктөшүү маселеси каралды.