KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Балдарды жана үй-бүлөнү коргоо маселеси талкууланды

12 февраля 2020

Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын орун басары Абдимиталип Абылакимов Сузак райондук эмгек жана социалдык башкармалыгынын балдарды жана үй- бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасынын  Президентинин жарлыгына ылайык, балдарды колдоо маселеси боюнча, социалдык өнүгүү башкармалыгынын катышуусу менен сотто каралып жаткан балдар жана үй бүлөнүн көйгөйлүү маселелерин чечүү жана тыгыз байланышта иш алып баруу болду.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан сотто каралып жаткан иштер боюнча пайда болгон көйгөйлүү маселелер боюнча суроолорун беришип, пикир алмашуу болду.


Кездешүүнүн  жыйынтыгында, Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын орун басары Абдимиталип Абылакимов Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлерине иштерине ийгилик каалап, мындан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашыруу максатында тыгыз байланышта иш алып барыларын белгиледи.


 


                                                                Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы


Видео-блок

Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты
Г. Абсатарова: "Судья болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат"
Нургуль Бакирова «Манас» университети менен соттордун илимий жана агартуу ишмердүүлүгүн...
Нургуль Бакирова БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын башчысы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...