Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG

Регионалдык жаңылыктар

2019-жылдын 2-сентябрында  Жалал-Абад областтык сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча төрагасынын  орун басары  Б.С.Султанканов Кара-Көл шаардык сотунун судьялары Н.М.Миркамилов,  П.Ж.Ыманбеков жана  Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеев менен биргеликте  шаардын имамдары, аксакалдары  менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Кара-Көл шаарындагы жаңы курулуп бүтүп    жаткан мечиттин имаратында  өттү. Жолугушуу учурунда алар коомго коопсуздук  жаратып жаткан  диний экстремизм жана терроризм маселелери  боюнча,  ошондой эле үй-бүлөөлүк зомбулук тууралуу маектешип, жаштарга туура тарбия берүү менен жогорудагы терс көрүнүштөрдүн  алдын алуу маселелерин талкуулашты.
2019-жылдын 8- сентябрында Кыргыз Республикасынын сот системасынын түзүлүшүнүн 95  жылдык мааракесинин урматына  Талас облусунун жергиликтүү сотторунун  кызматкерлеринин  ортосунда футбол жана волейбол боюнча турнир болуп өттү.  Иш чара Манас райондук соту тарабынан  сот кызматкерлеринин арасында спортту   жайылтуу жана ынтымакты бекемдөө  максатында  уюштурулган. Оюндун жыйынтыгында Талас облустук сотунун футбол боюнча курама командасы эң мыкты деп табылып,  экинчи жана үчүнчү байгелүү орундарды Талас шаардык сотунун кызматкерлери жана Бакай-Ата райондук сотунун командасы ээледи. Талас облустук сотунун волейбол  командасы дагы  биринчиликти алды. Бул споттун түрүндо экинчи орунду Кыргыз Республикасынын жогорку сотуна караштуу Талас облустук Сот департаментинин башкармалыгынын командасы ээлеп,  үчүнчү орунга Талас райондук сотунун жана Талас областынын райондор аралык сотунун курама командасы татыды. Жалпысынан  мелдешке 7 команда катышып, жеңүүчүлөр кубоктор жана дипломдор менен сыйланды.  
2019-жылдын 6-сентябрында Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын орун басары Токтосун уулу Каныбек, судьялар Адилет Чоноев, Марклен Нармырзаев жана Аксы райондук сотунун төрагасы Манас Дарманкулов менен биргеликте  Аксы районунда болду.  Иш сапардын алкагында Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын  биринчи орун басары Эмилбек уулу Талайбек жана райондун прокуратурасы, адвокатурасынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, аксакалдар соту жана айыл активдери менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушуу  2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирген жаңы мыйзамдарды түшүндүрүү, кылмыштуулукту жоюу, социалдык адилеттүүлүктү орнотуу жана  медиация институту менен тааныштыруу максатында уюштурулган. Жолугушууда сот системасында болуп жаткан соттук реформалар жана   Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды санариптештирүү саясатынын алкагындагы жасалып жаткан иш аракеттер тууралуу маалыматтар берилди. Муну менен катар катышуучулар тарабынан  жашы жете элек балдарды көзөмөлгө алуунун жана жаш кыздарды ала качууга тыюу салуунун жолдору тууралуу, ошондой эле медиация жана юридикалык фактылар боюнча келип чыгуучу укуктук маселелер боюнча  суроолор берилип, кеңири жоопторду   алышты. Жолугушуунун  аягында  Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын  орун басары жана областтык соттун судьялары Аксы районунун айыл өкмөттөрүнө жана айыл аксакалдарына жолугушууга келишкенине ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.                                                                 Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы.
2019-жылдын  6-сентябрында  Баткен облустук сотунун төрайымы Гульмира Кожобекова   Баткен райондук сотунун судьялары жана аппарат  кызматкерлери менен жолукту. «Сот системасы заманбап технологиялар менен камсыздалып, сот актылары ачык, коомго жеткиликтүү болуп, сот  жыйындары  мезгилдин талабына ылайык жабдылып жатканын жана мамлекеттеги  санариптештирүү боюнча аракеттер  бир топ  көйгөйлөрдү   чечээрин» Гульмира Кожобекова    баса белгиледи. Жолугушуунун аягында төрайым судьяларды таза, адилеттүү жана мыйзамдын чегинде иш алып барууга чакырды. Ал  эми  аппарат кызматкерлерине өз ишине так болуу менен сотко келген жарандарга сылык мамиле кылууну тапшырды.
Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясы Илязбек Тажибаев жана бөлүм башчы Жеңишбек Джанеков аксакалдар сотторунун төрагалары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө бүгүнкү күндө сот системасын өркүндөтүү жана ага болгон элдин ишенимин арттыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш алып баруу, район тургундарына сотко кайрылууда жеңилдиктерди түзүп берүү боюнча кеңири талкуу болду. Иш чарага Кадамжай райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчылары, айылдардын аксакалдар сотторунун төрагалары, прокуратура жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын , ошондой эле, башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү катышышты.
Баткен облустук сотунун төрайымы Гульмира Кожобекова жумуш иш сапарынын алкагында Лейлек райондук жана Сүлүктү шаардык сотторунун имараттарында болуп, турак жай салууга бөлүнүп берилген жерлер менен таанышып, сот кызматкерлери менен жолугуп, кеңири пикир алышты. Айта кетсек, ушул тапта бардык аймактарда сот имараттары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Сүлүктү, Лейлек сотторунун имараттарында сот ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тиешелүү шарттар түзүлгөн. Жолугушуунун аягында Гульмира Кожобекова судьяларды таза, адилеттүү жана мыйзамдын чегинде иш алып барууга чакырды. Ал  эми  аппарат кызматкерлерине ишке так, көңүл коюп иш алып барууну жана сотко келген жарандарга сылык мамиле кылууну тапшырды.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Акылбек Адимов У. Гулматов атындагы №9 орто мектебинин мугалимдери менен жолугушту. Иш чаранын алкагында, мугалимдерге өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук реформа  жана санариптештирүү боюнча жасалып жаткан иш чаралар боюнча кеңири маалымат берилди. Мугалимдер  өздөрү үчүн маанилүү болгон   суроолорду беришип, аларга мазмундуу жоопторду алышты. Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Акылбек Адимов У. Гулматов атындагы №9 орто мектебинин мугалимдерине катышып бергендери үчүн  ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.
Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Калмамат уулу Алтынбек жана судья  Аида Апысова Жалал-Абаш шаарынын аксакалдар сотторунун төрагалары жана мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун максаты аксакалдар сотуна мыйзамдарды колдонуу боюнча усулдук жардам көрсөтүү. Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Калмамат уулу Алтынбек аксакалдар соту менен болгон жолугушууда аларга көрсөтүлгөн усулдук жардам аксакалдар сотторунун иш аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулата тургандыгын  айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында, Жалал-Абад шаарынын аксакалдар сотторунун төрагалары жана мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча мындай жолугушууларды өз-ара кызматташууну жакшыртуу үчүн мезгил-мезгили менен уюштуруп туруу макулдашылды.
2019-жылдын 24-августунда, Тогуз-Торо райондук сотунун уюштуруусу менен Жалал-Абад областтынын жергиликтүү сот тутумунун кызматкерлери арасында кичи-футбол таймашы болуп өттү.  Бул спорттук мелдеште жалпысынан 6 команда  ат салышты. Ар бир команда  футбол боюнча  өздөрүнүн  мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта жана абдан кызыктуу өттү. Жыйынтыгында  мыкты  деп  табылган  3  командага кубок, грамота жана акчалай  сыйлыктар  тапшырылды. Биринчи орунду  жана турнирдин   өтмө кубогу менен Сузак райондук сотунун кызматкерлери багындырышса, экинчи орунду Кара-Көл шаардык сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга Жалал-Абад шаардык сотунун  командасы татыктуу болду. Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “мыкты дарбазачы”, “мыкты коргоочу”, “мыкты оюнчу”, “мыкты чабуулчу”, “мыкты уюштуруучу” номинациялар  боюнча да  татыктуулар аныкталып,  грамоталар  менен сыйланышты.                                                                     Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы
2019-жылдын 26-августунда Баткен областынын Сүлүктү шаардык сотунун судьясы Гулзат Эрматова, Сүлүктү шаардык мэриясынын өкүлдөрү жана шаардын аксакалдары   менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда кылмыштуулуктун жана анын ичинде жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, бул боюнча элдин арасында тийиштүү профилактикалык иштерди жүргүзүү маселеи көтөрүлдү. Мындай жолугуушулар жергиликтуу органдар менен  областын райондорунда дайыма өткөр үлүп келет. Сүлүктү шаардык сотунун судьясы Гулзат Эрматова Сүлүктү шаардык мэриясынын өкүлдөрүн жана аксакалдарын   жолугушууга келгендиги үчүн  ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.