KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Арзыбай Абдураимов прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

23 ноября 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 23-ноябрында, Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Арзыбай Абдураимов Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкеринин күнүнө арналган иш чарага катышты.


Иш чара Баткен облустук прокуратурасынын имаратында Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиевдин   төрагалыгы астында өттү.


Арзыбай Абдураимов өзүнүн куттуктоо сөзүндө, прокуратура органы жарандарыбыздын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууда, өлкөнүн Конституциясынын жана мыйзамдарынын нормаларынын өз убагында так аткарылышын көзөмөлдөөдө маанилүү ролго ээ экендигин белгилеп, прокуратура органдарынын бардык кызматкерлерине ден -соолук, бакыт-таалай жана жооптуу иштерине  ийгиликтерди каалады.


Ошондой эле иш чарага, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, укук коргоо органдарынын жана облустук түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.


Видео-блок

Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту
В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...