Баткен облустук сотунун төрагасынын жана облустук, райондук сотунун судьяларынын атынан облустук соттун судьясы Нургазы Алимкулов жана Баткен райондук соттун судьясы Расул Жолдошалиев Баткен районунун Орто-Сай айылынын тургуну 96 жаштагы Бурулай Орунбаеваны Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, белек тартуулашты.
Нургазы Алмимкулов бардык улгайган адамдарды Эл аралык майрамы менен куттуктап, аларга ден-соолук, бакубат жашоо каалап, коомчулук улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алардын муктаждыктарына көңүл буруп, улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгеги бийик бааланарын белгилеп өттү.