KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Биринчи радионун “Күндүн темасы” программасында сот системасындагы санариптештирүү талкууланды

18 сентября 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 18-сентябрында, Биринчи радионун “Күндүн темасы” программасына Жогорку соттун Аппарат жетекчисинин орун басары Эркин Искаков жана Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалымат технологиялары боюнча мекемесинин жетекчиси Александр Юрьев катышты.


Түз эфирде сот системасында жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү иштери туурасында талкуу болду.


Эркин Искаков сот тутумунун ачыктыгын камсыздоо максатында, бүгүнкү күндө соттордо автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.


Мындан тышкары ишти автоматтык бөлүштүрүү,  сот отурумдарында аудио жана видео жазуу системаларынын ишке киргизилиши  жарандардын  конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин эффективдүү коргоо үчүн  жагымдуу шарттарды түзүп, сот адилеттигине жетишүүдөгү ачык –айкындуулукту  камсыздай тургандыгын билдирди.


Соттордо ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан жаңы санариптик технологиялардын артыкчылыгы туурасында Александр Юрьев маалымат берди.


 


Уктуруунун  меймандары бир сааттык  түз эфир учурунда угармандардан келип түшкөн суроолорго дагы жооп беришти.