KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Г.Калиева: Ар бир мыйзамсыз чечим үчүн соттор жооп бериши керек

16 октября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 16-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева жергиликтүү соттор менен видеоконференция байланышын өткөрдү.


Онлайн  кеңешмеде төрайым соттордун АМС системасын Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестри менен интеграциялоо боюнча окууларды улантуу зарыл жана буга облустук соттордун төрагалары жооптуу экендигин айтты.


Ошондой эле Г.Калиева сотторду таза жана адилеттүү иштөөгө чакырып, ар бир мыйзамсыз чыгарылган өкүмдөр үчүн  судьялар өздөрү жооптуу болорун эскертти.


Видеоконференцияда  Жалал-Абад облустук  соту 16-октябрдан тартып  29-октябрга чейин карантинге жабылгандыгы маалым болду. Мындай чечим Жалал-Абад  шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан жабуу боюнча корутунду келгендигине байланыштуу кабыл алынган. Мындан улам Жалал-Абад облустук сотундагы бардык кызматкерлер үй карантинге чыгарылды. Аталган облустук соттун 6 кызматкеринен коронавирус аныкталган.