Бүгүн, 2023-жылдын 4-мартында, Мамлекеттик резиденцияда Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда болду.
Иш-чарага Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, сот тутумунун кызматкерлери жана ардагерлери, Президенттик Администрациянын жана Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү катышышты.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө акыркы эки жылдагы оор экономикалык кырдаалга карабастан, жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын алкагында байкаларлык натыйжаларга жетишилгенин белгиледи: судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысын олуттуу жогорулатуу, масштабдуу жергиликтүү соттордун судьяларын ротациялоо, ротацияланган судьялар үчүн кызматтык турак- жайларды куруу, Каракол шаарында Сот адилеттик үйүнүн ачылышы.
Жакынкы аралыкта сот аткаруучулар менен сот приставдары үчүн кызматтык автоунаа маселеси чечилип, Жалал-Абад шаарында экинчи Сот адилеттик үйү ачылаары маалым болду.
Мамлекет башчысы судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууну, элдин нааразычылыгын жараткан себептерди аныктоо жана жоюу боюнча талдоо жүргүзүүнү тапшырды.
Сот кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Адилеттүү жана көз карандысыз сот системасын түзмөйүнчө демократиялык өнүккөн мамлекетти куруу мүмкүн эместиги айтылды. Бирок, өлкөнүн сот системасынын алдында сот адилеттигинин сапатын акырындык менен жана үзгүлтүксүз жогорулатуу аркылуу гана түп-тамырынан бери чечүүнү талап кылган эски дагы, жаңы дагы көйгөйлөр турат.
Сот тутуму тууралуу коомдук пикир сот залындагы тартип, сот процессинин катышуучуларынын этикалык нормаларды сактоосу жана судьянын кесипкөйлүгү менен түзүлөөрү баса белгиленет. Төрага судьяларды жана сот кызматкерлерин кесипкөйлүккө, компетенттүүлүккө жана ак ниеттүүлүккө көлөкө түшүрө турган аракеттерден алыс болууга чакырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлерине мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

