KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Гульбара Калиева: Сот системасынын көз карандысыздыгы дүйнөдөгү актуалдуу маселелердин бири

10 сентября 2020

Бүгүн видеоконференция байланыш аркылуу “Кыргыз Республикасында көз карандысыз сот системасынын эл аралык стандарттарын жайылтуу” темасында тегерек стол өтүп жатат.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымым  Гульбара Калиева өзүнүн сөзүндө сот органдарынын көз карандысыздыгы туурасындагы маселе актуалдуу экендигин, Кыргызстан эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, сот системасын реформалоо жана жаңылануу багытында дүйнө жүзүндө татыктуу орунду ээлөө  үчүн  аракеттерди көрүп жаткандыгын белгиледи.


Ошондой эле катышуучулардын алдында       Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин кызматташтык боюнча Өкүлчүлүгүнүн башчысы Шарлотт Адриан чыгып сүйлөдү.


Онлайн форматында өтүп жаткан эки күндүк иш чарага  Кыргыз Республикасынын судьялары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңештин,  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти, Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мекемесинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттиги мектебинин өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык экспертер: Литванын Конституциялык сотунун төрагасы, Венециялык комиссиянын мүчөсү Дайнюс Жалимас, Грузиянын Конституциялык сотунун мурдагы төрагасы жана Юстиция министри Георгий Папуашвили, Польшанын Конституциялык сотунун мурдагы төрагасы, адам укуктары боюнча Эл аралык Хельсинк Федерациясынын мүчөсү Анджей Жеплиньский катышууда.


Бүгүн докладдар менен  Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрайымы Галина Шин “Кыргыз Республикасында көз карандысыз сот системасынын эл аралык стандарттарын жайылтуу” темасында чыгып сөз сүйлөдү.


Ошондой эле  Европа биримдигинин “ Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фаза” Программасынын негизги эксперти Алекнсандр Тэнасе “Эл аралык стандарттар аркылуу сот тутумунун тышкы көз карандысыздыгын карап чыгуу” темасында  доклад менен чыкты.


Белгилей кетүүчү жагдай, тегерек стол эртең дагы ишин улантат. Иш чара “ Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фаза” Программасынын колдоосу астында уюштурулуп жатат.


Эсиңиздерге сала кетсек, аталган иш чара өткөн жылы Бишкекте өткөн “Сот бийлигинин көз карандысыздыгы: улуттук аспектилер жана эл аралык стандарттар” темасындагы семинардын уландысы болуп саналат.