KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Гульбара Калиева Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

01 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында 2020-жылдын  1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы кезектеги жыйыны өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева катышты.


Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусундагы жыйында 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралды.


Мамлекет башчысы шайлоолорду таза өткөрүү Кыргызстандын мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты болуп саналарын белгиледи. Айрым партиялар менен парламент депутаттыгына талапкерлер тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө билдирүүлөргө бийлик органдары тарабынан ыкчам реакция болушу зарылдыгын баса белгиледи.


Сооронбай Жээнбеков бардык саясий партияларды, алардын жактоочуларын шайлоо өнөктүгүндө мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга дагы бир жолу чакырып, мындай аракеттер мыйзам чегинде өз баасын аларын эске салды.


Мындан сырткары, ал шайлоочуларга кайрылып, өз добуштарын сатпашын, парламенттин тагдыры шайлоочулардын эркине жана алардын кыраакы тандоосуна көз каранды болорун баса белгиледи.


Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоо максималдуу түрдө демократиялуу, ачык-айкын өтүүгө тийиш экенин, анын жыйынтыктарына эч ким шектенбеши керектигин айтып, жыйынтыктады.


Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.