KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Гульбара Калиева судьялар менен онлайн кеңешме өткөрдү

25 декабря 2020

Бүгүн, 2020-жылдын  25-декабрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Гульбара Калиева  видеоконференция байланыш аркылуу жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен жумушчу кеңешме өткөрдү.


Төрайым  2021-жылдын  10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин  шайлоону өткөрүү мезгилинде коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик органдарга президенттик шайлоону жана референдумду жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилгендигин билдирди.


Гульбара Калиева шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары  боюнча келип түшкөн доо арыздарды, даттанууларды жана кайрылууларды сот органдарынын өз убагында кароосун жана алар боюнча процесстик чечимдерди кабыл алуусун мыйзамда белгиленген тартипте камсыз кылууну талап кылды. Ошондой эле, 2021-жылдын 6-январынан 15-январына чейинки мезгилде судьялардын жана сот органдарынын кызматкерлеринин нөөмөтүн уюштуруу керек экендигин айтты.


Жергиликтүү соттордон Конституциялык кеңешмеге сунуш-пикирлер болсо, тез арада Жогорку сотко жөнөтүү керек экендигин айтты.


Мындан тышкары, жергиликтүү соттордо иштеп жаткан  автоматташтырылган маалымат системасы,  жыл жыйынтыгы боюнча  статистикалык отчетторду сурады.


Ошондой эле,  судьялардын жүрүм-турумуна көңүл буруп,  иштерди кароо сапатын жогорку дээңгелге көтөрүүнү, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып барууга чакырды.



Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...