KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Гульбара Калиева видеоконференция байланыш аркылуу жумушчу кеңешме өткөрдү

09 октября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 9-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Гульбара Калиева  видеоконференция байланыш аркылуу жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен жумушчу кеңешме өткөрдү.


Катышуучулар  өлкөдө болуп жаткан кырдаалды,  ишти кароодогу тоскоолдуктарды талкуулашты.


Кеңешмеде негизги маселе катары органдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылыш үчүн соттордун, судьялар менен аппарат кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу  каралды.


Гульбара Калиева айрым соттордун төрагалары коопсуздукту камсыз кылыш үчүн кошумча күчтөрдү тартышкандыгын билдирди. Зарыл болгон учурда элдик кошундарды жана  күч структураларын тартууну сунуштады.  Соттордо нөөмөттөрдү уюштуруу айтылды.


Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунда жана Жалал-Абад облустук сотунда COVID-19 учуру аныкталып, сотторду карантинге жабуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык кызматынын буйругу чыккандыгы маалым болду.


Гульбара Калиева  мыйзамдарды так сактоонун маанилүүлүгүн эске салды.