KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Гульбара Калиева биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча Чүй облусу менен Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун маалыматын укту

28 сентября 2020

Жыйынтыктоочу кеңешме видеоконференция  байланыш аркылуу өтүп,  ага Чүй облусунун райондук сотторунун төрагалары жана судьялары катышышты. Ошондой эле биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын сотторунун маалыматы угулду. Жыйынтыктоочу кеңешмени  маалыматтык технологиялардын жардамы менен өткөрүү жергиликтүү соттордун  төрагалары менен судьяларына төрайымдын өзүнөн бардык сын-пикирлер менен сунуштарды угууга мүмкүндүк берди.


Отчёттук маалыматтарды  уккан соң, Гульбара Калиева бир катар сын-пикирлерди айтып,  тапшырмаларды  берди. Өткөн жылы  ишке кирген жаңы институттарды эске алып,  жылдык отчетту даярдоону тапшырды. Жыйынтыктоочу маалыматта судьялар  ишти кароодо пробация, медиацияны колдонуу, депонирлөө, өмүр бою эркинен ажыратуу жана жоруктар боюнча анализдер  эске алынышы керек экендигин кошумчалады.


Мындан тышкары, өмүр бою эркинен ажыратуу, актоо өкүмдөрүнө талдоо жүргүзүлүшү керек.


Ошондой эле, алдын ала соттук отурум,  процессуалдык макулдашуу (кызматташуу жөнүндө, тараптардын жарашуусуна байланыштуу күнөөнү моюнга алуу), бөгөт коюу чарасы, анын ичинде камакта кармоо мөөнөтүн бузулушу боюнча  талдоо  жасалышы  керек.


Жогорку сот органынын башчысы  төрагаларды сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын жогорку көрсөткүчтөрү жөнүндө гана  маалыматты эмес, ошондой эле сапаты төмөн көрсөткүчтөргө ээ болгон  судьяларды дагы көрсөтүүнү, анын себептерин аныктоого чакырды. Судьялар менен иштөөнү жана   окууларга муктаж болгон  судьяларга көмөк көрсөтүүнү талап кылды.


Төрайымды өзгөчө тынчсыздандырганы жашы жете электердин жана аялдардын укуктарын бузууга байланыштуу канча сот иштери жана материалдары боюнча маалыматтын жоктугу болду.  Жалпыга  маалымдоо  каражаттарында буга чейин пандемия учурунда  үй-бүлөдөгү зомбулуктун көрсөткүчү өскөндүгүнө байланыштуу  маалыматттарды эске алуу менен бул категориядагы иштерге  анализ жасоону  тапшырды.


Мындан тышкары, төрайым  “Кыргыз Республикасындагы судьяларынын статусу жөнүндө “ Мыйзамга ылайык, мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген  соттук актылардын аткарылышын  соттор көзөмөлдөшү керек экендигин айтты. Кеңешменин катышуучуларына отчётторго чечимдердин аткарылышы боюнча  маалыматтарды   кошуу  керек экендигин эскертилди.


Гульбара Калиева  мыйзамдын нормаларын жана эмгек тартибин так сактоого чакырып, судьялардын билимин жогорулатууга өзгөчө  көңүл бурду.