KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

«Сот» жана «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системаларын интеграциялоо

19 ноября 2021

Учурда «Сот» автоматташтырылган маалыматтык системасы Кыргыз Республикасынын бардык үч инстанцияларынын сотторуна киргизилип, иштеп жатат.


2021-жылдын башынан тартып «Сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын модернизациялоо башталып, анда бардык инстанциялардын бизнес-процесстери жаңыланып, мамлекеттик органдар менен интеграциялоо боюнча мындан аркы чаралар аныкталган.


Бул иш маанилүү болгондуктан,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Нургуль  Бакированын түздөн -түз көзөмөлүндө.


2021-жылдын октябрында «Сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын жана «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык система менен интеграциялоо боюнча иштер кайра жанданган. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу, ошондой эле  кабыл алынган сот чечимдери,  кылмыш иштеринин кыймылы боюнча өз ара  маалымат алмашуу максатында,  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу «Укук» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлгөн.


Биринчи инстанцияда жана «тергөө судьясы» модулу үчүн маалыматтарды алуу жана өткөрүп берүү жагынан өз ара  маалыматтарды алмашуу кызматтарын тестирлөө боюнча иш чаралар өткөрүлдү.


Экинчи жана үчүнчү инстанциялар үчүн «Сот» автоматташтырылган маалыматтык система менен    » Кылмыштардын бирдиктүү реестри» ортосунда маалымат алмашуу талааларынын түзүмүн баяндоо менен техникалык шарттар жөнөтүлдү. Сот системасы тарабынан экинчи инстанциядагы сот өндүрүшүнүн алкагында маалымат алуу үчүн адаптер иштелип чыккан.


Учурда «Адилет сот» мекемеси менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу «Укук» мамлекеттик мекемесинин ортосунда маалымат алмашуунун алкагында кызматташуу жөнүндө Макулдашууга, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштү интеграциялоо боюнча актыга кол коюлду.