KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту 2020-жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

18 ноября 2020

2020-жылдын 13-ноябрында жергиликтүү соттордун судьяларынын катышуусунда өткөн кеңешме  Ысык-Көл райондук сотунун судьясы Акылбек Сыдыковду эскерүү мүнөтүнөн башталды.


Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-ноябрында А.Сыдыков эки тараптуу пневмониядан көз жумган.


Мурдагы жыйындардан айырмаланып, бул кеңешме жаңы форматта өттү. Анда биринчи инстанция сотторунун төрагалары  өздөрүнүн каралган иштери боюнча жүргүзгөн талдоолору жана көрүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат менен тааныштырып, иштерди кароодо, соттордун иштерин уюштурууда жаралган кээ бир көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты. Мындан тышкары, мыйзамдарды колдонуудагы карама-каршылыктарды жоюунун жолдору боюнча сунуштар талкууланды.


Андан соң облустук соттун төрагасынын орун басарлары Алмазбек Апышев, Канат Аманов жана Медер Жаныбеков жергиликтүү соттордун 2020-жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасашты.


Маалыматка ылайык шаардык, райондук жана Ысык-Көл областынын административдик соту тарабынан 9 ай ичинде жалпы 4696 иштер каралган. Ал эми апелляциялык инстанцияда жалпы 442 иштер каралган. Каралган иштер боюнча соттук практиканын бирдей болбой жаткандыгы кызуу талкууланып, соттук практиканы жалпылаштыруу боюнча иш чаралар тийиштүү деңгээлде болбой жаткандыгы белгиленип, мындан ары ишти жакшыртуу үчүн күч аракеттерди жумшоого судьялар милдеттендирилди.


Ошондой эле кеңешмеде Сот департаментинин Ысык-Көл областтык  башкармалыгынын башчысы Абдулхаким Таштемиров аткарылган иштери жана жергиликтүү сотторго бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы жөнүндө маалымат берди.


Жыйындын жүрүшүндө  сот адилеттигин жүзөгө ашырууда орчундуу болгон жагдайлар, ишти кароонун сапатын жакшыртуу, орун алган кемчиликтерди талдоо жана жоюу, мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо, “Соттун мыкты аппарат кызматкери” сынагын өткөрүү жана элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган иш чараларды уюштуруу тууралуу көптөгөн  маселелер талкууланды.


Иш чаранын соңунда облустук соттун төрайымы Гулкайыр Алиева Ысык-Көл облусунун судьяларын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга жана билимдерин талыкпай өркүндөтүүгө чакырды.                                             


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы


                                                                                                                    Гульзада Аширбаева