KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунда төраганын жаңы орун басары шайланды

08 сентября 2020

Жалал-Абад облустук  сотунун судьяларынын жалпы чогулушунда жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары болуп ушул эле соттун судьясы  Бакыт Калыков шайланды.


Төраганын  мурдагы орун басары Абдимиталип  Абылакимов Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 11-августундагы  ротациялоо жарлыгынын негизинде Жалал-Абад облустук сотунан Баткен облустук сотуна которулган.


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Улукбек Калыбеков сотторго жана аппарат кызматкерлерине чогулуш өткөрүп, жаңы шайланган төраганын орун басарын тааныштырып, Бакыт Калыковго ишине ийгилик каалап, иш боюнча насааттарын айтты.


 


Жалал-Абад облустук  сотунун басма сөз катчысы


Мирлан Торомаматов


 


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...