Борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жамааты ишембиликке чыгышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө Жогорку соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери Ч.Айтматов атындагы сейил багын жана соттун жанаша жайгашкан аймактарын тазалап чыгышты.
Кыргыз Республикасында курчап турган чөйрөнү коргоону, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле санитардык-экологиялык абалды жакшыртуу жаатындагы саясат ырааттуу ишке ашырылып жатканын белгилейбиз.