KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Бообеков Качкынбай Жетибаевич дүйнө салды

25 июля 2020

Сот системасы оор жоготууга учурады. 83 жаш курагында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы,  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Бообеков Качкынбай Жетибаевич узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.


Бообеков Качкынбай Жетибаевич 1937–жылдын 1-январында Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында туулган. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 1989-жылга чейин Кемин райондук сотунда катчы, Ош облустук сотунда судья, Балыкчы шаардык сотунда судья, төрага, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары, Ысык-Көл облустук  сотунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. Жогорку соттун мүчөсү болгон.


1991-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалыгына шайланып, 1995-жылга чейин жетектеген.


Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алгачкы төрагасы болуп Бообеков Качкынбай  Жетибаевич эсептелет.


Бообеков Качкынбай Жетибаевич төрагалык кылып турган мезгилде, сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана соттордун ролун күчөтүү боюнча маанилүү кадамдар жасалган.


Ал 1996-2002-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп иштеген.


2002-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болгон.


Кесипкөйлүгү жана жасаган эмгектери ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга татыган.


Ал өлкөбүздүн сот системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз зор салымын кошту. Элибиз чоң жоготууга учурады.


Жакындары жана туугандарынын орду толгус оор жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөбүз.


 


Жээнбеков С. Ш., Джумабеков Д. А., Боронов К. А., Калиева Г. У., Жамшитов О.А., Жунушалиев К. А. Жаманкулов М.Т., Керезбеков К.К., Дүйшеев К.А., Асанова Н.М., Бокоев К.А., Токбаева А.А., Атаназаров Н.А., Барыктабасова Э.Б., Бакирова Н.Ж., Алыбаев А.А., Онолбеков Д. М., Калыбаев У.Ж., Алиева Г.С., Боромбаев М.И., Абылдаев А.Ж., Дуйшенбекова М.М., Кожобекова Г.Т.


 



 


Видео-блок

Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"
Жеңүүчү. Ош шаардык сотунун "Уңгу жол" боюнча даярдаган тасмасы облустук сынакта 1-орун...
"Кадрларды карап чыккыла! Тааныш-билиш деген болбосун!" М.Сатыев Сот департаментине күт...
“Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужол. Ош облусунун жергиликтүү соттору уюштурган и...
Алдамчыларга ишенип, 100 миң долларлык үйүнөн айрылган жаран туурасында соттук отурум

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...