KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын сот тутуму Шүкүралиев Рыспек Шералиевичтин мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

07 июля 2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьялык корпусу Шүкүралиев Рыспек Шералиевичтин  мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Шүкүралиев Рыспек Шералиевич Чүй облусунун Сокулук районунун Шалта айылында 1956-жылы 1-январда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчы) грамотасына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун «Ардак грамоталарын» алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2004-жылы 4-майда 1-квалификациялык класска ээ болгон.


1963-жылы Сокулук районунда сегиз жылдык Бөкөнбаев мектебинде окуп, 1971-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) №50 орто мектебинде улантып, 1973-жылы  бүтүргөндөн кийин, Фрунзе шаарынын №3 типографиясында иштеген. 1974-жылы Советтик Армиянын катарына кызмат өтөөгө чакырылган. 1976-жылы Нарын шаарында метеорогиялык станцияда радиооператор (радист) болуп иштеген. 1977-жылы Фрунзе шаарынын айыл-чарба техникумунун агрономия факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, 1980-жылы аны ийгиликтүү аяктаган. КирНИИЗде буудай ордуруу селекциясы бөлүмүндө улук лаборант болуп иштеген. 1978-жылы сентябрь айында Кыргыз мамлекеттик университетке тапшырганга чейин, «Кыргыз мебель» ишканасында эмгектенген. Коомдук иштерге активдүү катышып, цехтеги «Элдик көзөмөл» уюмунун төрагасы, «Кыргызмебель» өндүрүштүк бирикмесиндеги партиялык комитеттин мүчөсү болгон. Өндүрүштүк бирикменин аллеясындагы «Ардак тактага» алдыңкы жумушчу катары сүрөтү илинип, 1983-жылы 15-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук Кеңешине депутаттыкка шайланган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин кечки даярдоо бөлүмүнө кирип, 1984-жылы экзаменди тапшырып, юридикалык факультеттин күндүзгү бөлүмүнө өткөн. 1989-жылы аталган окуу жайын ийгилктүү аяктап, Юстиция министрлигинде, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын стажеру, биринчи категориядагы адис, жетекчи адис болуп кызмат өтөгөн. 1992-жылдын март айында Токмок шаардык сотунун судьясы, 1997-жылы февраль айында Бишкек шаардык сотунун судьясы, 1999-жылы декабрда Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2006-жылдын декабрынан 2013-жылдын мартына чейин Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы болгон.


Сот тутуму жакындары жана туугандарынын  орду толгус оор жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөт.