KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

22 ноября 2022

Урматтуу Курманкул Токторалыевич!


Урматтуу Прокуратура кызматкерлери жана ардагерлери!


 


Сиздерди Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен  жалпы  сот тутумунун  жана  жеке  өзүмдүн  атымдан чын жүрөктөн куттуктайбыз!


Кыргыз  Прокуратурасынын тарыхы коомдун өнүгүүсүнүн ар  бир  баскычында  мыйзамдык  принциптерди  турмушка  ашыруунун  жаркын күбөсү.


Прокуратура мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылып, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоп, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өзгөчө маанилүү жана жооптуу милдетти   татыктуу аткарып келе жатат.


Прокуратура  кызматкерлеринин жаңы мууну даңктуу салттарды улантып жана кеңейтээрине, ошондой эле мамлекетибиз менен коомубуздун бакубатчылыгы үчүн чын дили менен берилип иштешине  терең ишенебиз.


Дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктайбыз!


Мыйзамдын ишенимдүү сакчыларынын ардактуу наамы ар дайым силердин жооптуу ишиңерде күч-кубат берип  турсун!


Ар бириңиздерге чын ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык, өлкөбүздө стабилдүүлүк орношуна, өнүгүүсүнө жана мыйзамдуулуктун бекемделишине салымын кошкон ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!