Урматтуу биздин ардактуу, кадырман ардагерлер!
Сиздерди 1-октябрь Карылардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Улууларын сыйлоону, өткөнүн унутпай, тарыхын урматтоону — кутман элибиз жаркын келечекти жаратуунун негизги өбөлгөсү катары баалап келген. Муундардын тыгыз байланышын сактоо менен аталардын улуу жолу уланат. Бабалардын көөнөргүс каада-салты урпактарга жетет, келечекке көрөңгү болуп берет.
Аксакалдарды урматтоо жана сыйлоо кыргыз элинин маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Кыргыз элинде «Карысы бардын – ырысы бар» деп айтылып келет.
Биз кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жаткан элбиз.
Урматтуу агалар, эжелер Сиздер сот тутумуна чыйыр салган инсандарсыздар. Бүгүнкү муун Сиздердин артыңыздардан, сиздер салып кеткен чыйыр менен келе жатат.
Ар бириңиздер сот тутумуна ат көтөргүс салым коштуңуздар. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга эң аз дегенде чейрек кылым, ал эми алдыңыздар жарым кылымга жакын өмүрүңүздөрдү арнап, ишенип берилген милдеттерди татыктуу аткардыңыздар. Ошонун себебинен бүгүнкү күндө жүзүңүздөр жарык болуп, сый-урматка бөлөнүп өмүр кечирип келесиздер.
Мен бүгүнкү кесиптештериме дагы сот адилеттүүлүгүн кынтыксыз жүзөгө ашырып, ардактуу эс алууга чыкканда Сиздердей болуп, башты бийик көтөрүп, эл аралап, өрнөктүү өмүр сүрүүнү каалап кетээр элем.
Чейрек кылымдан ашык судьялык кызматты аркалоо менен Сиздер мол турмуштук жана кесиптик тажрыйба топтодуңуздар. Ошол мол тажрыйба кийинки муунга өтүп, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда жол көрсөтүп, үлгү болуп туруусу үчүн Сиздер менен ар дайым тыгыз мамиледе болуп, акыл-насаатыңыздарды угуп туралы деген максатты койдук.
Ар бир сот тутумунун кызматкерлеринин жүрөгүндө акылы кенч аталарыбызга, мээрими толгон апаларыбызга ыраазы болгон сезим жашасын.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, ардактуу биздин ардагерлер! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, тынчтык, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомчулуктун сый-урматын каалайм!