KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кичи футбол боюнча кубогу Баткенге кайтып келди

12 июня 2024

Баткен облустук сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кичи футбол боюнча кубогунун жеңүүчүлөрү болгон Баткен облусунун сот тутумунун кызматкерлеринен түзүлгөн футбол боюнча курама командансын салтанаттуу тосуп алышты.


Иш-чарага Баткен облустук сотунун төрагасы Алмазбек Апышев, облустук соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери жана райондук соттордун төрагалары катышты.


Белгилей кетсек, мелдеш Нарын шаарында өлкөнүн жети дубанынан келген 11 команданын катышуусунда өтүп, анда Баткен облустук сотунун командасы Жогорку соттун төрагасынын кубогун экинчи жолу жеңип алды. Буга чейин команда 2019-жылы чемпиондук титулга ээ болгон.


Алмазбек Апышев команда мүчөлөрүнө кезектеги жеңиши үчүн жалпы коллективдин атынан өзгөчө ыраазычылык билдирип, эстелик белектерди тапшырды. Өз кезегинде команданын капитаны Зайырбек Зайналов Баткен облусунун судьялар жамаатына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кийинки турнирлерде дагы ушундай жыйынтыктар болоорун убада кылды.


 


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы З.С.Ормонов