KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кызыл-Кыя шаардык сотунда медиация кызматы менен биргеликте иштер жүргүзүлүүдө

02 июня 2021

Кызыл-Кыя шаардык сотунда Медиация кызматкерлеринин Кызыл-Кыя шаарындагы өкүлчүлүгү менен Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьяларынын ортосунда жыйын уюуштурулду.


Иш чарага шаардык соттун төрагасы Акылбек Адимов, судья Нургазы Дыйканов жана Кызыл-Кыя шаарынын Медиация уюумунун өкүлдөрү Кумара Имамова жана Мотабар Ташматова, Кызыл-Кыя шаарынын прокурору Исламбек Жоошбаев катышты.


Медиация – бул тараптардын талаш-тартыштарын ортомчу аркылуу чечип, эки тарапка тең ыңгайлуу чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүүчү өзгөчө сүйлөшүүлөрдүн түрү болуп эсептелет. Элдешүү процедуралары чыр-чатактарды чечип, тараптардын мамилесин жакшыртуу жолдорун жөнгө салууга багытталган.


Эске сала кетсек, Медиатордун (медиаторлордун) көмөктөшүүсү менен, талашкан тараптардын кызыкчылыктарын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүү максатында макулдашуу аркылуу укуктук талашты жөнгө салуу боюнча медиацияны Кыргыз Республикасында колдонуу үчүн укуктук негиздерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын “Медиация жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынган.  Мыйзам боюнча медиация сотко кайрылганга чейин да, соттук териштирүүнүн, бейтарап соттук териштирүүнүн жана аткаруу өндүрүшүнүн убагында да жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында тараптар талашты чечүү үчүн сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылбайт. Медиациянын негизги өзгөчөлүгү — чечимди талашып-тартышып жаткан тараптар өздөрү кабыл алышат, жана ар бир тарапка бул кырдаалдан жеңүүчү болуп чыкканга мүмкүнчүлүк берет. Медиация аркылуу талаш-тартыштарды, конфликтерди чечүү мүмкүнчүлүгү сотто каралып жаткан иштердин санын кыскартат. Медиация менен сот бири бирин эң жакшы толукташат.


 


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов