KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медиаторлорго иш бөлмө берилди

11 сентября 2020

Белгилүү болгондой өлкөбүздө  медиация мыйзамы  кабыл алынгандан бери үч жылга чукул убакыт болуп калды. Бирок, ошондой болсо да бул мыйзам  региондордо толук кандуу  иштеп кете албай келет.


Жарандык иштерди  сотко  жеткирбей жайгаруунун мындай ыкмасын  өнүккөн  дүйнө  өлкөлөрүнүн баардыгы  колдонушуп, жарандык талаш-тартыштардын дээрлик басымдуу бөлүгү медиация аркылуу чечилип келет. Бизде да эртеби, кечпи дегендей жарандар бул жагдайдагы маселелерин сөзсүз түрдө медиация аркылуу чечип алышат деп эсептешет бул жааттагы эксперттер.


Мына ушундан улам, тараптар өз ара талаш- тартыштарда, убактысын жана каражаттарын үнөмдөөгө жана аймагыбызда медиацияны жүргүзүүнү жолго коюп, өнүктүрүү боюнча Нарын  облустук сотунун имаратында  медиаторлор үчүн   атайын иш бөлмө бөлүнүп берилди.


Компьютер жана башка керектүү инвентарлар менен жабдылган иш бөлмөнү Нарын облустук сотунун  төрайымы Майрагүл Дуйшенбекова облуста иштеп жаткан медиациянын өкүлдөрүнө тапшырып берип, алардын андан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.


                       Нарын облустук сотунун


                        басма сөз катчысы Барктабас Белеков



Видео-блок

Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты
Жогорку Сотто Пленум болду
Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот — тез, ыңгайлуу жана кагаз эсеп-дүмүрчөксүз

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...