KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү соттор балдарды майрамы менен куттукташты

01 июня 2023

2023-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоонун эл аралык  күнүнө карата Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьялары жана кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык коргоо органдарында каттоодо турган көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн көчмө иш-чара уюштурулду.


Иш-чаранын алкагында Свердлов райондук сотунун  кызматкерлери балдар жана алардын ата-энелери менен  жолугушуп,  алар менен баарлашып, белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.


Мындан тышкары,  Ош облусунун Араван райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери аталган райондун  Мангыт айыл өкмөтүндө жашаган жетим балдарга жана турмуштук оор кырдаалда турган балдарга барып, аларды майрамы менен куттуктап, белектерди жана азык-түлүктөрдү тапшырышты. Ош облусунун Араван районунун Төлөйкөн, Жаңы-Арык, Мангыт айылдарында үч үй-бүлөнүн камкордугундагы балдар менен жолугушту.


Мындан тышкары Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Самудинов  жана эмгек жамааты Барпы айыл өкмөтүнүн  Боз-Чычкан айылынын аз камсыз үй-бүлөсүнө барып, балдарды майрамы менен куттукташып, заманбап телевизор жана башка  белектерин  беришти.


Жалал-Абад облусунун Кара-Көл  шаардык сотунун судьялары, сот аткаруучулар жана  сот приставдар  менен биргеликте үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүндө каттоодо турган көп балалуу үй-бүлөгө барышты. Сот тармагынын өкүлдөрү материалдык жардам көрсөтүшүп, азык-түлүк  беришти.