KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

79 жаш курагында отставкадагы судья, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Акылбек Маткеримов дүйнө салды

28 июля 2020

Маткеримов Акылбек Маткеримович 1941-жылдын 23-августунда Чүй облусунун  Чүй районундагы  Жаңы-Турмуш айылында туулган. 1967-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин  юриспруденция бөлүмүн аяктаган. Эмгек  ишмердүүлүгүн  ушул эле жылы  Сокулук районундагы юридикалык консультациясынын жактоочусу болуп баштаган.  1969-1971-жылдары Кыргыз  ССР Министрлер Советинин алдындагы  Мамлекеттик арбитражда эмгектенген.


1971-жылдан баштап сот органдарында иштей баштаган.  1971-1976-жылдары Нарын облустук сотунун мүчөсү,  Тянь-Шань райондук сотунун төрагасы болгон. 1976-1980-жылдары  Нарын шаардык сотунун төрагасы болуп иштеген. Ал эми 1980-1982-жылдары Талас облисполкомдун юстиция бөлүмүнүн  башчысы болуп эмгектенген. 1982-1987-жылдары  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары болуп  иштеген.  Андан соң 1987-2009-жылдары жогорку сот органында судья болуп эмгек өтөгөн.


Маткеримов Акылбек Маткеримович сот системасында 38 жыл иштеп,  анын  өнүгүшүнө зор салымын кошкон адилет судья катары кесиптештеринин эсинде  калат. Ал жасаган  эмгектер ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга, ардак грамоталарга татып,  2000-жылы Акылбек Маткеримович “Эмгек сиңирген юрист” деген наамына ээ болгон.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун судьялары, аппарат кызматкерлери,  ошондой эле Ардагерлер кеңеши Маткеримов  Акылбек  Маткеримовичтин дүйнө салгандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.