KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү элдин жыйынына соттун төрайымы да катышты

19 февраля 2020

2020-жылдын 18-февралында Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Данияр Арпачиевдин райондун эли менен жолугушуусуна Тоң райондук сотунун төрайымы Асел Сыдыгалиева катышты. Иш-чара мамлекеттик органдардын, жеке ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү элдин катышуусунда Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн имаратында болуп өттү.


Жыйында Асел Сыдыгалиева 2019-жылда сотко түшкөн арыздардын ичинен никени бузуу, ата-энелик укуктан ажыратуу, жаранды өлгөн деп жарыялоо, туулгандыгын аныктоо боюнча арыздар көп түшкөндүгү тууралуу маалымат берип, талдоосу менен бөлүштү. Аталган арыздардын көпчүлүгүн сотко чейин чечүү жолдору тууралуу кыскача маалымат берди. Ошондой эле, төрайым жарандар мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдарды алууга же кеп-кеңеш алуу үчүн мамлекеттик жактоочуларга кайрылууга укуктуу экендигин түшүндүрдү.


Мындан тышкары, Асел Сыдыгалиева жакында жарандардын көйгөйлүү маселелерин сотко жеткирбей, жер-жеринде натыйжалуу чечүү үчүн аксакалдар сотторуна методикалык жардам көрсөтүлүп,  окутуулар уюштурулаарын белгилеп кетти.


Тоң райондук сотунун төрайымы айылдык жыйынга келгендигин эл жакшы кабыл алып, ыраазычылык билдиришип, алдыда боло турган жолугушууларга чакырышты.


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева


 


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...