KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун Пленумунда бөгөт коюу чарасы каралды

13 сентября 2019

2019-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиеванын катышуусунда  Пленумдун отуруму болду.   Пленумдун ишине Кыргыз Республикасынын  Президенттик  Аппаратынын  сот реформасы жана  мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев, Кыргыз Республикасынын  Башкы прокурорунун орун басары Жамиля Джаманбаева, Пленумдун  катчысы  Чинара Садырова, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун судьялары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин  өкүлдөрү  катышышты.


Күн тартибине “Кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү жана бөгөт коюу чарасы тууралуу жазык-процесстик мыйзамдарды соттор тарабынан колдонуу тажрыйбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Пленумунун токтомунун долбоору коюлду.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, баяндамачы  Аскат Сыдыков кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүгө байланыштуу жазык процесстик мыйзамдарын туура жана бирдей колдонууну камсыз кылууну жана бөгөт коюу чарасын колдонууда келип чыккан маселелерди чечүү максатында аталган токтомдун долбоору сунушталып жаткандыгын билдирди.


Анын айтымында,  тергөө судьясы тарабынан  бөгөт коюу чарасынын  камакка алуу түрүн колдонуп, ошондой эле издөө жарыяланган айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын камакка алуу түрүнө өзгөртүлүп, кийин ал кармалган учурда кармоонун мыйзамдуулугу жана  негиздүүлүгү текшерилбейт. Анткени, аны өзгөртүү соттук актынын негизинде  жүргүзүлгөндүгүн  соттор эске алууга тийиш экендигин айтты.


Токтомдун долбоору боюнча катышуучулар тарабынан бир нече суроолор берилип, айрым пункттар боюнча талкуу жүрдү.


Жыйынтыгында токтом долбоорун негизинен кабыл алуу сунушталып, токтом бир добуштан кабыл алынды. Ошону менен бирге, токтомдун долбоорунун кыргызча жана орусча варианттарында айырмачылыктар болгондугуна байланыштуу, редакциялык кеңеш түзүү сунушталып, анын мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары  К.Осмоналиев, К.Джумашов, К.Эсенканов бир добуштан шайланышты.