KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбековдун Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары башталды

25 октября 2023

Бул күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков кыргыз делегациясын жетектеп, иш сапар менен Кытай Эл Республикасында болууда.


Анын алкагында бүгүн,  2023-жылдын 25-октябрында, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков  менен Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун башкы судьясы, төрагасы Чжан Цзюндун эки тараптуу жолугушуусу болду.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Замирбек Базарбеков  Кытайдын Башкы судьясына 2023-жылдын 26-октябрында Фуцзянь провинциясынын Цюаньчжоу  шаарында «Деңиз Жибек жолу» соттук кызматташтык боюнча эл аралык форумга катышууга чакыргандыгы  үчүн жана Кытай Эл Республикасынын сот тутумун санариптештирүү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.


Санариптик технологияларды жана санариптик чечимдерди колдонуу менен татаал мамлекеттик системаларды трансформациялоо жаатындагы дүйнөлүк тенденциялардын тез өнүгүп жаткан шартында Кыргыз Республикасы  өзүнүн сот тутуму тармагында комплекстүү реформаларды активдүү жүргүзүүдө. Азыркы учурда бизде зарыл инфраструктураны түзүү жана биздин сот системасынын ачыктыгын, айкындыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы катары мен сот системасын санариптик трансформациялоо, анын ичинде ички бизнес-процесстерди оптималдаштыруу жана кызматтарды жана сервистерди көрсөтүү үчүн санариптик форматка толук өтүү жөнүндө чечим кабыл алдым. Бул максатка жетүү үчүн биз санариптик демилгелерди стратегиялык башкарууга жана координациялоого багытталган санариптик өнүгүү боюнча стратегиялык топту түздүк. Коопсуз жана туруктуу санариптик инфраструктураны түзүү реформалардын ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыз кылуунун ачкычы экенин баса белгилеп кетүү маанилүү”, — деп белгиледи Жогорку соттун төрагасы.


Замирбек Базарбеков Кытай Эл Республикасынын сот инфраструктурасында заманбап санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жаатындагы акыркы жетишкендиктериндеги ийгиликтерди баса белгилеп, эки өлкөнүн Жогорку сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө үмүтүн билдирди.


Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун төрагасы Чжан Цзюнь көп жылдардан бери Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик соту менен Кыргыз Республикасынын Жогорку соту достук кызматташтыкты сактап келе жаткандыгын белгиледи.


Ушул жылдын март айында Индияда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун Төрагаларынын XVIII  кеңешмесинин алкагында Кытайдын Жогорку Элдик сотунун делегациясы сиздер менен жемиштүү жумушчу жолугушуу өткөргөндүгүн белгилегим келет. Сиздердин камкордугуңуздардын жана колдооңуздардын аркасында эки өлкөнүн соттору мындан ары да кызматташтыкты тереңдетип, Кытай менен Кыргызстандын Бирдиктүү тагдырынын коомчулугун түзүүгө алгылыктуу салым кошот деп ишенем. Кытайдын акылдуу сотунун ишин жогору баалаганыңыз үчүн рахмат. Кытайдын Жогорку Элдик соту Кыргыз Республикасындагы кесиптештери менен бул тармактагы жыйынтыктар менен бөлүшүүгө даяр”, — деди Чжан Цзюнь.


Белгилей  кетүүчү жагдай, иш сапардын алкагында Замирбек Базарбеков башында турган кыргыз делегациясы Цюаньчжоу орто-аралык элдик сотунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.