1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кочкор райондук сотунун эмгек жамааты кайрымдуулук көргөзүштү. Райондун социалдык коргоо мекемесинде каттоодо турушкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү беш балага камкордук көрүлдү.
Бул күнү кичинекей майрам ээлери райондук соттон даректерине айтылган каалоо-тилектерге жана азык-түлүктөр менен таттуулар салынган баштыктарга ээ болушту.
Ушундай эле кайрымдуулук бүгүн 1-июнь күнү Нарын облустук сотунун эмгек жамааты тарабынан уюштурулуп, сот кызматкерлери Нарын шаарында жашаган, социалдык колдоого муктаж, учурда 2 баланы жалгыз өзү багып жаткан Бермет Бугубаева менен 4 баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой Зарина Асалиевага барышып,ар бирине 4 миң сомдон акчалай каражат жана жер-жемиштер, таттуулар майрамдык белектер менен балдарды куттуктап келишти.
Кайрымдуулук иштер бүгүн Ак-Талаа, Ат-Башы райондук сотторунун эмгек жамааттары тарабынан да ишке ашырылды. Ак-Талаа райондук соту Баетов айылындагы “Жаш-Тилек” деп аталган балдар бакчасынын 40 тарбиялануучусуна майрамдык белектерин беришсе, Ат-Башы райондук сотунун эмгек жамааты социалдык колдоого муктаж 3 балага азык-түлүк, кийим кече, таттууларды тапшырышты.
Жогоруда кайрымдуулук көргөзүлгөн үй-бүлөлөр сот кызматкерлерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.