KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нарында кичи футбол боюнча сот кызматкерлеринин арасында мелдеш өткөрүлдү

05 июня 2023

Нарын шаарында Нарын облустук сотунун төрагасынын өтмө кубогунун  алкагындагы мелдеш  өткөрүлдү.  Мелдешти Нарын райондук соту менен Нарын облустук административдик соту  биргелешип уюштурушкан.


Мелдешти ачып жатып Нарын облустук сотунун төрагасы Кайридин Бакиров  спорт ден соолукту гана чыңдабастан,   сот  тутумунун  ичиндеги  ынтымакты  да чыңдаарына   мисалдарды келтирүү менен мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди каалады.


Мелдешке жалпысынан сегиз команда катышып,    эки топко бөлүнгөн командалар        ортосунда күйөрмандарынын бүйүрүн кызыткан оюндардын жыйынтыктары менен  3-байгелүү орунду    Кочкор райондук сотунун  кызматкерлери жеңип  алышты.


Ал эми финалдык оюнда   Ак-Талаа райондук сотунун  командасы менен Нарын райондук жана  облустук административдик сотунун кошмо командасы  күч сынашты. Жыйынтыгында  Нарын райондук соту менен облустук административдик  сотунун командасы күчтүү экендигин  айгинелешип, өтмө кубоктун ээлери болуп калышты.


Турнирдин  жеңүүчүсү аталган   Нарын  райондук соту менен облустук  административдик сотунун кошмо командасы  ушуну менен үчүнчү жолу   өтмө кубоктун ээлери болушту .   Мелдештин жобосу боюнча  оюндун жүрүшүндө  айырмаланышкан “мыкты чабуулчу”, “мыкты коргоочу”,” мыкты дарбазачы”  байгелери  боюнча да сыйлыктар бул күнү өз ээлерин тапты.


Нарын облустук  сотунун   басма сөз катчысы Барктабас Белеков