KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нарындагы соттук отурум биринчи жолу абак мекемеси менен онлайн түрүндө өттү

21 июля 2020

Бүгүн Нарын облустук сотунда биринчи жолу соттук процесс Нарындагы  СИЗО-24 мекемесинин абагы   менен  онлайн  өткөрүлдү.  Нарын облустук сотунун жазык иштери    боюнча соттук коллегиясы бул күнү   соттолуучулардын  жана алардын  жактоочуларынын апелляциялык даттанууларынын негизинде эки жазык ишин жана  баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча бир   ишти  онлайн  тартибинде  карады.


Жазык иштери боюнча соттук отурумдар, жактоочунун  ооруп калгандыгына байланыштуу, ал эми экинчи иштин жактоочусу   жакында пневмониядан каза  болгондугунан улам, кийинки мөөнөттөргө жылдырылды.


Санариптештирүүнүн аркасы менен онлайн түрүндөгү мындай соттук отурумдар келечекте,  айыпталуучуларды соттук отурумдарга  атайын транспорттор менен ташуу жана  кайтаруу   маселелериндеги түйшүктөрдү гана азайтпастан, аларга каралган материалдык чыгымдарды  кыскартууга  да шарт түзмөкчү.


Эскерте кетсек, коронавирус пандемиясынан улам, өлкөдө буга чейин киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдардан улам абакта отурушкан,  оор кылмыштар  боюнча айыпталгандардын       соттук отурумдары акыркы үч-төрт айдан бери  токтоп турган.


 


                   Нарын облустук сотунун 


                   басма сөз кызматы


Видео-блок

Нургуль Бакирова «Манас» университети менен соттордун илимий жана агартуу ишмердүүлүгүн...
Нургуль Бакирова БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын башчысы менен жолугушту
Судьялык кызматка тандоо кандайча жүрөт?
200 адамды сотко мажбурлап алып келгенбиз. Сот приставы эмне иш аткарат?
Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...